Домой Коом Жаңы жылдан тарта күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр кымбатташы мүмкүн

Жаңы жылдан тарта күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр кымбатташы мүмкүн

198

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына ылайык, жаңы жылдан тарта буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.

Мекемеден мунун себеби Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы менен байланыштуу экенин билдиришти.

Ошол эле учурда дагы бир себеп катары бүгүнкү күндө ун комбинаттарында дандын жана ундун запасы аз экени айтылды. Ал эми таңкыстыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Орусияда дан ташып келгендердин жоктугу себеп болууда.

Буга байланыштуу эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12 пайыз киреше салыгы алына баштай турганы күтүлүүдө.

Баанын кымбатташы май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү болору айтылууда.