Пандемияда айыл чарба продукциялары тартыш болгон, кырдаал кайталанган учурда, ЕАЭБ Биримдиктин муктаж өлкөлөрүнө азык-түлүктү тез арада жеткирүүнү талкуулоонун механизмин түзгөн.
Бул тууралуу ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камалян “ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүү пландары” видео көпүрөсүнүн алкагында билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда биримдиктин өлкөлөрүндө айыл чарба продукцияларынын тартышы болгон. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЕЭК нөлдөн баштап жумушчу топторду түзүшү керек болчу, бирок азыр бул механизм иштелип чыккан. Эки жумадай мурун жумушчу топтун курамы бекитилген, анын курамына азык-түлүк жеткирүүгө жооптуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирген.
«Эгерде Кыргызстанда кант же өсүмдүк майын жеткирүүдө көйгөйлөр жаралса, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган продукциянын түрлөрүн жана талап кылынган көлөмүн көрсөтүү менен комиссияга кайрылышы керек. Биз өлкөлөр менен байланышып, платформабыздагы топтордун ишин уюштуруп, тартыштыкты тезирээк жаба турган чечимдерди иштеп чыгууга аракет кылабыз», – деди Камалян.
ЕЭК Министри комиссия үч күндүн ичинде топтун ишин уюштуруп, тигил же бул азык-түлүктү кайсы өлкөдөн берсе болоорун чечиши керектигин белгиледи.