Домой Аналитика Орусия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө 1000 тонна ун таратат

Орусия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө 1000 тонна ун таратат

79

Орусия Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 474 тонна ун берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул жардам БУУнун Азык-түлүк программасына Орусиянын өз ыктыяры менен кошо турган төлөмдүн негизинде Кыргызстанга жиберилүүдө. Бишкек шаарында 474 тонна унду кабыл алуу иш-чарасы 5-апрелде өтөт. Андан соң ал 1800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө даректүү түрдө акысыз таркатылат.

Ушундай эле иш-чара 2-апрелде Ош шаарында болот. Анда Орусиядан 610 тонна ун келип, ал дагы 3700 жакыр үй-бүлөгө бөлүнүп берилет.