Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 383 сомду түздү. Маалыматты улуттук статистика комитетинен беришти. Ага ылайык, 2021-жылдын 3-кварталында былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу сумма 22,2 пайызга өстү.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
Ал былтыр ушул эле мезгилде 5 миң 225 сом болчу.