Домой Коом Жалал-Абадда күйөөсү аялын зым менен сабап, таанылгыс абалга келтирген

Жалал-Абадда күйөөсү аялын зым менен сабап, таанылгыс абалга келтирген

145

Кербенде күйөөсү аялын таң атканча электр чубалгасы менен сабап, таанылгыс абалга келгичекти ур-токмокко алган. Бул үрөй учурган кабарды жабырлануучунун эжеси Дамира Ызаева жергиликтүү малымат булактарына билдирген.
“Окуя кечээ болду. Күйөө балам үйүнө келип, “сен башка жакка бардың” деп үйүндөгүлөрдү кууп чыгат дагы аялын чечиндирип, жылаңач абалда түнү бою электр чубалгысы менен сабаган. Анын эмчектеги баласы бар, баланы уктатып кошунасыныкына качып чыккан.
Бул биринчи жолу кол көтөрүшү эмес. Учурда сиңдимдин абалы орто. Оозу, бети шишип, сүйлөй албай жатат, жамбаштары жарабайт, бүт көк ала. Күйөө бала себепсиз сиңдимди сабай берет”, – делет маалыматта.

Булак: sonkukabarlar.kg