Домой Коом 29 жаштагы Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болду

29 жаштагы Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болду

214

Жангазиев Бакыт Ишенович саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттыкты сактоо министринин санариптештирүү боюнча орун басары кызматы түзүлөрүн айткан.
Бакыт Жангазиев 1991-жылы 7-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2016-2018-жылдары прикладдык эпидемиология боюнча Алматыда (Field Apply Training Program) резидентурада окуган.

Эмгек жолу:
– 2014-2017-жылы Ысык-Ата районундагы ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологу;
– 2017-2020-жылдары эпидемиолог, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

Булак: sonkukabarlar.kg