Домой Саясат Мирлан Каниметов: А. Кылычовдун абактагы кыйноолор боюнча айткандары териштирилет

Мирлан Каниметов: А. Кылычовдун абактагы кыйноолор боюнча айткандары териштирилет

844

Алга Кылычовдун убактылуу кармоочу жайдагы кыйноо фактылары тууралуу айткандары териштирилет. Бул туурасында бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Бул маселени депутат Бакыт Төрөбаев көтөрүп, ЖМКларга маек берген жарандар ИИМдин ишиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтса, аларга кандай реакция болоруна кызыкты.

«Алга Кылычов деген жаран «Азаттыкка» берген маегинде силердин дарегиңерге бир топ сындарды айтты. Ошого силер жооп бердиңерби?» — деп сурады депутат.

Алга Кылычовдун билдирүүсү кечээки күн менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”, -деди орун басар министр.

Мен ал кишини тааныбайм. Бирок ал ИИМ суракта илгеркидей желим баштык кийгизип, көрсөтмө аларын айтты. Эгер чын болсо – бул эскичилик. Бул — туура эмес. Баш мыйзамдагы эң негизги баалуулуктар адам укугу жана анын ден соолугу. Оппозиция өкүлү болобу же башкабы — ал биздин жаран. Кыйноолор болсо маселени дароо караш керек”, — деди депутат.

Мирлан Каниметов Төрөбаевдин сөзүнө текшерүүнүн жыйынтыгы менен кат түрүндө да жооп болорун белгиледи.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычов күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын ЖМКларга кенен айтып берген.