Домой Коом Жалал-Абадда 29 жаштагы тургунду коркутуп, 4,3 млн сом талап кылгандар кармалды. (видео)

Жалал-Абадда 29 жаштагы тургунду коркутуп, 4,3 млн сом талап кылгандар кармалды. (видео)

159

Жалал-Абадда опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 7-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБге Сузак районунун 29 жаштагы тургуну кайрылып, өз арызында буларды көрсөткөн: Ага алыстан тааныш болгон Сузак районунун 29 жаштагы тургуну У.Д. «атаң кумар ойноп, 4 млн 300 миң сом карызы бар. Ошону сен бересиң. Жер тилкеңди, 700 миң сом бересиң. Бербесең өлтүрөм, үй-бүлөңө тынчтык бербейм» деп коркуткан. Андан кийин 6-ноябрда У.Д. өзүнүн эки шериги менен келип, «жер үлүшүңдү менин атыма өткөрүп бересиң» деген. Андан сырткары 700 миң сом талап кылып, жабырлануучудан 5000 сом алып кетишкен.

Аталган арыз боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен (Опузалап талап кылуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусундагы ротасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Сузак районунун 1980-жылы туулган тургуну У.Д. жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары — 1982-жылы туулган А.Б., ошондой эле 1977-жылы туулган Ш.А. Сузак районунун Бишкек—Ош автожолунун 530-чакырымында жайгашкан айланманын жанындагы коомдук тамактануучу кафелердин автоунаа токтоочу жайынан 110 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү — 1982-жылы туулган А.Б.нын аты-жөнү 2011-жылга чейин Б.У.А. болгондугу, ал эми 2013-жылы А.Б.А. кылып өзгөрткөндүгү, ошондой эле ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары (каймана аты Бадыш) каттоодо тургандыгы аныкталган.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, шектүү А.Б. 2 айга камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми анын шериги— 1980-жылы туулган У.Д. үй камагына чыгарылган.