Домой Коом Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок.

Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок.

60

Атамбаев бүгүнкү сот отурумунда өзүн абакта калтырып, бирок тарапташтарын бошотуу керектигин айтып өтүнүч келтирген.

Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок. Бул туурасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев башка иш боюнча соттолгонуна байланыштуу анын баш коргоо чарасы каралган эмес. Аны менен катар Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевдин да бөгөт чарасы каралган жок. Буга алар 9-октябрда болгон «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык боюнча кылмыш ишине айыпталып жатканы себеп болгон.

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардын соттук процесси өтүп, айрымдарынын үй камагындагы мөөнөтү узартылган. Алардын арасында Жолдубаева, депутаттар Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина бар.

Жыйында Атамбаев өзүн абакта калтырууну, ал эми тарапташтары Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевди үй камагына чыгарууну сураган.

Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.