Американын айыл чарба министрлиги айтып жатат: «Жакынкы жылдарда Россия буудайды экспорттоочу өлкөлөрдүн алдына чыгат» деп. Ырасында эле ошондой болот көрүнөт. Азыр Россия буудай экспорттоо боюнча Евробиримдиктен кийинки экинчи орунда турат.
2015-жылы кайсы өлкө канча буудай экспорттогонун карап көрөлү да: Евробиримдик-32,5 млн тонна, Россия-23,5 млн, Канада-22 млн, АКШ-21,5 млн, Австралия-17,5 млн, Украина-15,5 млн, Аргентина-6,5, Казакстан-6,5 млн.
Россиянын буудайын сатып алган негизги өлкөлөр: Египет-4,6 млн тонна, Түркия-3,1 млн, Иран-1,5 млн. Булардан кийин Азербайжан, ЮАР, Нигерия, Бангладеш, Йемен, Грузия, Кения.