Домой Пайдалуу кеңеш Дарылык касиети бар жемиштер: лимон, курма

Дарылык касиети бар жемиштер: лимон, курма

1429

лимон

Лимондун 1-3 даанасы сыгылып, суу менен аралаштырылып, ар күнү ач курсакка ичсе шыпаа болот. Кандагы РН туруктуулугун камсыздайт, аллергия, экзема жана грибокко каршы пайдалуу. Ысытманы, жогорку кан басымды жана кантты түшүрөт. Сезгенүүнү кургатат, какырыкты түшүрөт, өпкөдөн айдайт, арыктоону жана тамак сиңирүүнү оңойлоштурат. Өзгөчө, кан группасы А болгондорго лимон суусу өтө пайдалуу. Лимон денедеги акиташты ээритет, заараны көбөйтөт, табарсык жана бөйрөк таштарын майдалап түшүрөт. Териге сүртүлсө, терини жылмакай кылып, безеткилерди жоготот. Лимон суусу баш ооруга, тамак инфекцияларына жана ангина шишиктерине пайда берет. Кусуунун алдын алат, ич өтүүнү токтотот. Ысык суу менен ичилгенде тердетет. Лимон кабыгын чайноо мүлк канашын, уруктарын чайноо ич катуусун жана геморройдун алдын алат. 2-3 гр. кургатылып, майдаланган лимон уругу же кабыгы инфекция жана ар кандай токсиндердин таасирлерин азайтат. Жылан чакканда лимон кабыгынын суусун аралаштырып ичүү жана чаккан жерге лимон кабыгын коюу пайда берет. 2-3 күн бою күнүнө 2-3 жолу алмаштырып, теринин жооруп кеткен жайларына лимондун кабыгын коюу жооруган жерлерге жардам берет. Лимонду шекер менен жеген зыяндуу, кант кислотасын көтөрөт, акиташтын топтолушуна, аллергия, грибокко себепкер болот. Сыгылган лимон суу ачкыл эмес, ширин болот. Лимонду жактырбагандар ар күнү эрте менен суу кошуп грейпфрут суусун ичүүлөрү же грейпфрут жешсе болот. Жүн материалдар арасына лимон кабыгын коюу күбөнүн алдын алат. Лимон суусу 15-30 минутадан кийин дарылык касиетин жоготуп баштайт.

 

курма

Курма

Хадис шарифте: ажыва курмасы бейиштен болот жана жиндиликке шыпаа болот делген. Адам азык катары көп убакыт бою курма жеши мүмкүн. Курма кабыгы менен, жуулбастан желиши керек. Курма кабыгынын үстүндөгү микробдор дени соо киши ичегилериндеги микробдор менен бир кыл. Курманы жуубай жегенде ичегилерге керектүү микробдор адам организмине кошо кирет. Күнүнө 15 даана курма маңызы менен желсе, ичегилердин жакшы иштешине жана геморройго пайдалуу. Боюнда бар аялдарга курма сунушталат, анткени курма жатын булчуңдарын тазалап, күчтөндүрөт. Курма түйүлдүктүн өсүшү үчүн зарыл болгон фолий кислотасынын булагы болуп саналат. Түшкү жана кечки тамактын ордуна суу же көк чай менен желиши мүмкүн. Пайгамбар Мухаммед САВ курманы коон, дарбыз, каймак менен жей турган. Жылтырак курмалар сактоочу химиялык заттар кошулган себептүү, чоң курмалар болсо, гормондуу болгондугу үчүн зыяндуу болот жана алынбаш керек. Ажыва курмасынын эң кичинеси тандалса максатка ылайыктуу болот.