Домой Аналитика Кыргызстан 3 айда башка өлкөлөргө 1,4 миң тоннадан ашык ичүүчү суу экспорттогон

Кыргызстан 3 айда башка өлкөлөргө 1,4 миң тоннадан ашык ичүүчү суу экспорттогон

27

Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстан башка өлкөлөргө 1,4 миң тоннадан ашык ичүүчү суу саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мында минералдык суу, газдалган жана башка ичүүчү суулар бар.

197 644 литр минералдык жана башка суу сыртка сатылган:

Өзбекстан — 147 270 литр;

Казакстан — 49 425 литр;

башка өлкө — 595 литр;

Бириккен Араб Эмирлиги — 316,8 литр;

Ирландия — 24 литр;

Канада — 13,8 литр.

Экспорттун жалпы көлөмү 50 миң долларга бааланууда. Өткөн жылдын үч айында 83 миң литр суу (25 миң доллар) сатылган. Өзбекстанга экспорт эки эсе көбөйгөндүктөн көрсөткүч дагы өскөн.

Кыргызстан ичүүчү суунун дагы бир түрүн сатат.

Кумшекер кошулган минералдык жана газдалган суудан 1 миллион 239 миң 717,1 литр экспорттолгон:

Казакстан — 1 миллион 163 миң 321,5;

Өзбекстан — 65 820;

Тажикстан — 10 080;

Башка өлкө — 442;

Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 53,6.

Белгилеп кетсек, өткөн жылдын I кварталындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу экспорт 300 миң литрге төмөндөгөн. Деген менен накталай акча иретинде алганда экспорттолгон товар ушул жылдын январь-март айларында кымбат болуп, 520 миң сомго жеткен.