Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“Урматтуу мекендештер! Ак үйдү курчаган тосмо кайра орнотулат деген туура эмес маалымат таркалууда. Тосмо кайра орнотулбайт жана парламенттин имараты ачык бойдон калат. Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер!”, – дейт төрага.