Домой Саясат ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Сергей Дьяченко мыйзам кеп эмес

ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Сергей Дьяченко мыйзам кеп эмес

149

Сергей Дьяченко

Генпрокуратура ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Сергей Дьяченко мыйзам бузуу жолу менен жеке адамдардын машиналарынын алдыңкы терезесин караңгылатууга уруксат бергендигин аныктап, жакында министр Мелис Турганбаев Дьяченкону ээлеген кызматына туура келбейт деген эскертүү бере тургандыгын билдирди. Кыргыз өкмөтүнүн 2011-жылдагы токтомуна ылайык, машина терезелерин караңгылатууга укук коргоо органдарынын кызмат машиналарына, инкассаторлордун жана атайын байланыштын атайын машиналарына гана уруксат берилген. Ал эми Дьяченко болсо, өзүм билемдикке салып жеке адамдарга машиналарынын терезелерин караңгылатууга 2015-жылдын 31-декабрына чейин улуксат берген. Азыр Дьяченко сол көзүн чел басып дарыланып жаткан экен. Ал айыгып чыккандан кийин Турганбаев «чарасын» көрөт го…