Домой Саясат “Кыргыз көмүрдүн” 13 млн. сомдук коррупциясына Мирлан Жакыпов жооп бербейт

“Кыргыз көмүрдүн” 13 млн. сомдук коррупциясына Мирлан Жакыпов жооп бербейт

350

Мирлан Жакыпов

Эсептөө палатасы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын 2013-жылдын 1-июлунан 2014-жылдын 31-декабрына чейин 12,6 млн. сомдук финансылык мыйзам бузууларды аныктап чыкты.

Алардын ичинен товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы 8,1 млн. сомду түздү. Анын 4 млн. сому боюнча 1 миң 730,1 тонна көмүр кем болгон. Аудиттин жүрүшүндө, товардык-материалдык баалуулукка келтирилген зыяндын жалпы суммасынын 3,9 млн. сомунун орду толтурулду. Белгилүү болгондой мындай чоң суммадагы каржылык мыйзам бузуулар мурунку директор Асанбек Молдокеевдин тушунда болгон. Бул иш ачыкка чыгып, ал тургай сотко да өткөн. Бирок Молдокеев “ишим бүттү” дегенби, же башка дагы себептери барбы, айтоор өз өмүрүнө кол салып, о дүйнөгө кете берген. Ал эми андан кийинки жетекчи Мирлан Жакыпов жакшы эле иштеп жаткансыйт. Кетирген кемчиликтери болсо, ал деле көп өтпөй жооп берири турган иш.