Ысык-Көлдө 50 ири пансионат бар. 2015-жылы бюджетке эң көп салык төккөн пансионаттардын саны 20ны түзүп, алардын ар биринин жылдык кирешеси 1 млн. сомдон ашкан. Эми мисалдарга өтөлү: “Карвен-четыре сезона” эс алуу борбору бюджетке 26 млн. 118 миң сом төккөн. Юстиция министрлигинин айтымында, бул пансионаттын уюштуруучуларынын катарында ЖКнын депутаты Аскар Шадиевдин тууганы Шадиева Асел Каныбековна бар. “Меридиан” пансионатынын төккөн салыгы 2 млн. 228 миң сом, анын ээси, мурунку депутат Сергей Ибрагимовдун тууганы Ибрагимова Стелла экен. ЖЧК “Акун Ысык-Көл” пансионаты салыгы 2 млн.152 миң сомго жетет.
Бул эс алуу жайынын ээси СДПК партиясынын лидери, депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайы Тентимишова Нуржамал. “Асыл-Таш” пансионаты (ЖЧК “Мун Вей Трэвэл”) салыкка 1 млн. 664 миң которуптур, анын ээси экс-депутат Равшан Жээнбековдун аялы Алимбаева Салкын Сарыбаевна. “Нептун” пансионаты (ЖЧК “Ачыкай”) 2015-жылы казынага 196 миң 279 сом салык төлөгөн. ЖЧК “АССКОН” жана ЖЧК “Строймаркет ссода-көргөзмө борбору” түзүүчү катары чыгып, бул ишканалардын кожоюну ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жубайы Артыкбаева Раушан. Мындан кийинки салыкты көп төлөгөндөр: ЖЧК “Пансионат-Керемет” эс алуу жайынын ээси депутат Конушбаев Тынчтыкбек. “Отель-Ямайка” ЖЧКсынын жетекчиси, ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев.