Бүгүн, 6-октябрь күнү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасы Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн учуп кетти.
Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 8 балбан катышат. Алар Бишкек-Стамбул-Осло багыты боюнча учушкан.
Грек рим-күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугундагы чүчү кулак аземи бүгүн, 6-октябрь күнү кечинде өтөт. Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча катыша турчу балбандардын тизмеси.
- Сардарбек Конушбаев — 55 кг;
- Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
- Калы Сулайманов — 63 кг;
- Марлен Асикеев — 67 кг;
- Руслан Царёв — 72 кг;
- Кайратбек Түгөлбаев — 77 кг;
- Калидин Асыкеев — 82 кг;
- Бексултан Махмудов — 97 кг;
- Азат Эркимбаев — Башкы машыктыруучу;
- Улукбек Карачолоков — Улук машыктыруучу; 11.Арсен Эралиев — Улук машыктыруучу.