Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтип жатканы маалым болду. Бул тууралуу интенет айдыңына видео тарады
Буга чейин аталган кызмат сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган.
Тергөөдө 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен «Г.Э» ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн.