Домой Саясат Бакай  Өмүралиев  Кочкор райондук милициясына автоунаа белек кылат

Бакай  Өмүралиев  Кочкор райондук милициясына автоунаа белек кылат

1897

Нарындан чыккан жеке ишкер Бакай  Өмүралиев  жалпы  коомчулукка  кайрымдуулук иштерге кайдыгер карабаган, аны менен бирге  ар кандай иш-чараларга, мекемелерге жардам берген  демөөрчү катары  таанылып калды.  Ал буга чейин да  бир катар иш-чараларга жана жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөтүп келген.

Бакай мырза, жакында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө автоунаа белек кыла турганын кулагыбыз чалды. Ал мындай мекенчил кадамдары менен башка  колунда бар адамдарга үлгү көрсөтүп жатат десек жаңылышпайбыз. Себеби, райондордогу мекемелер көп жардамдарга муктаж экенин эл жакшы билет. Мындай учурда элим деген эр азамзаттар көйгөлөрдү чечип, жакындан  жардам көрсөтүп турушса  эл ак батасын берип, алкайт жана  сыймыктанат! Эр азамат  үчүн элдин батасынан өткөн баалуу эч нерсе жок эмеспи… Бакай мырза да ашыкча атак-даңктан, кур мактоодон качып, баталуу болууга басым жасап жаткандай. Эмесе, Өмүралиевге өмүр тилеп, иштерине албан-албай ийгилик каалап коелу…