Домой Коом Токмокто эки унаа сүзүшүп 7 адамдын өмүрү кыйылды.

Токмокто эки унаа сүзүшүп 7 адамдын өмүрү кыйылды.

140

Бишкек–Торугарт авто жолунун 66-чакырымында, Токмок шаарында 19-декабрдын түнү болгон кырсыктан жети кишинин өмүрү кыйылды. Үч киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү.

Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы түнкү саат 22.00 чамасы катталган.

«Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, жеңил машине менен кагылышканы кабарланды.

Жол кырсыгынан кийин тартылып, Интернетте тараган видеодон жаракат алгандар менен каза болгондордун сөөктөрүн талкаланып калган машинелерден чыгарышып жатканы жана арасында балдар бар экени тууралуу сөздөр жазылып калган.