Домой Дүйнөдө Ооруканадан өрт чыгып, сегиз бейтап көз жумду

Ооруканадан өрт чыгып, сегиз бейтап көз жумду

167

19-декабрда таң эрте Түркиянын Газиантеп шаарындагы менчик ооруканада COVID-19 илдетинен дарыланган бейтаптар жаткан бөлүмдө өрт чыгып, сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу Газиантеп шаарынын мэриясы маалымат таратты.

Анда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан жерде кычкылтек менен дем алдыруучу аппарат жарылган. 19 бейтаптын сегизи өрттө каза болуп, калган 11 бейтап башка ооруканага которулганы кабарланды.
Губернаторлук бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын билдирген.

Түркияда 1-декабрдан тарта коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.
Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген.