Домой Коом Түз эфир. Жапаров: Кытайдын карызынан Жетим-Тоо кенин сырьелук запасын берип кутулсакпы…

Түз эфир. Жапаров: Кытайдын карызынан Жетим-Тоо кенин сырьелук запасын берип кутулсакпы…

147

Нарындагы Жетим-Тоо темир кени эч бир чет мамлекетке берилбейт. Бул тууралуу  бүгүн  пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=fMjuXg7yEgE

Ал тышкы карыздан кутулуу үчүн бул кенди чет жакка сатуу тууралуу айтылып жаткан сөздөрдү ушак деп атады жана Кытайдын карызынан кутулуу жолу бар экенин мындайча айтты:

-Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Жетим-Тоо мененби же башка ресурстар мененби… Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Кутулуу жолдору бар. Аны табабыз.  Жетим-Тоодо азыр темирдин 5 миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул 50 миллиард доллардын тегерегиндеги сырьелук запас. Сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр да ошол сөз уланып жатат. Эгер ошону менен кутула турган болсок бир да чет мамлекеттин катышуусу болбойт…

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча: Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% — тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).