Домой Пайдалуу кеңеш Эртең мененки тамак – эң маанилүү азык

Эртең мененки тамак – эң маанилүү азык

277

Кадимки эле суудан күнүнө 5-8 чашкадан ичкиле. Биздин организм чай, шире сыяктуу суусундуктарды тамак катары кабыл алат, себеби аларды ичкенде кандагы канттын өлчөмү көбөйөт.
Падышадай нанүштө кылып, ханзаададай түштөн, кечинде болсо жакыр адамдай тамактан. Эртең мененки тамак – эң маанилүү азык. Түшкө чейин биздин организм жакшы иштейт жана ичкен тамактын баарын сиңире алат.Жасалма азыктарды азыраак колдонуп, талаада өскөн жер-жемиштерди көбүрөөк пайдалан. Заводдон чыккан азыктарга кандай химикаттар кошулганын албетте, билбейбиз. Тоңдурулган котлеттер кандай жасаларын билбейсиз да?

Адам олтуруу үчүн жаралган эмес

Күн сайын жок дегенде 10 мүнөт жымжырттыкта отур. Убакыт шуулдап өткөн биздин күндөрдө өзүбүз менен өзүбүз баарлашып тынч отурууга убакыт табуунун өзү кыйын. Ошентип жүрүп алдыга койгон максат-кыялдарыбызды, коркунучтарыбызды унутуп калабыз. Өзүбүздү өзүбүз таанып-билүүгө убакыт калбай калат. Андыктан, күн сайын өзүңө жок дегенде 10 мүнөт көңүл бур. Адам миң гениалдуу жана күчтүү болгон күндө да эгерде анын организми менен мээси эс албаса, ал барган сайын алсыз боло берет.
Биздин жашообузда басып жүргөнгө караганда отуруп иштеген сааттарыбыз көбүрөөк. Бул болсо булчуңдарды бошоңдотуп, далы менен моюнга күч келет. Жок дегенде үйдөн жумушка чейин жөө барыңыз. Адам отуруу үчүн жаралган эмес.

Башкаларга салыштырба 

Өзүӊүздүн жашооңузду башкалардыкы менен салыштырбаӊыз. Башкалардын жашоосуна өзүңүздүкүн салыштыргандан пайда жок. Сиз алардын өмүр жолун кайдан билмексиз? Ийгилик бул жөн гана жолу болуу дегендик эмес. Ийгилик даярдыгы жок адамдарга келбейт. Эгер адамдын жашоосу жайында болсо ал буга жетиш үчүн жан аябай иштеди дегендик.
* * *
Спорт менен дос болуп, көбүрөөк кыймылда болуңуз. Кыймыл бул – ден соолукту сактоо үчүн эң табигый жана эң сонун каражат.
* * *
Өткөн жылга караганда бул жылы көбүрөөк китеп окуңуз. Китеп окуу сөз байлыгын өстүрөт, адамга руханий байлык берет. Окугандын эч качан зыяны жок.

 

Булак: Багыт гезити