Домой Спорт Э.Замирбеков тай боксу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду багындырды

Э.Замирбеков тай боксу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду багындырды

60

329331.1.1502107192

Кемин районунун 17 жаштагы тургуну Элазан Замирбеков «Ысык-Көл — Кыргызстандын бермети» эл аралык турнирде тай боксу боюнча 1-орунга ээ болуп, баш байгени жеңип алды. Элазан буга чейин тай боксу боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
«Өзүм 2000-жылы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Спорт менен 2-классымдан бери машыгып келем. Ушул 9 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерди жараттым деп ойлойм. Атай кетсем, аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону аталдым. 2012-жылы Казакстанда өткөн эл аралык турнирде 2-орун, 2016-жылы Таиланддагы мелдеште 3-орун, 2017-жылы Россиянын Москва шаарында болгон Дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду багындырдым. Мындан тышкары, ушул жылдын июль айында болуп өткөн «Ысык-Көл — Кыргызстандын бермети» эл аралык турнирде 1-орунду алып, курга ээ болдум. Менин бул жетишкендиктерим үчүн машыктыруучум Кутекев Викторго терең ыраазычылыгымды билдирем.
Бир жумада эки сааттан 3 жолу машыгып турам. Келечекте Куралдуу күчтөр аскердик институтунда билим алып, Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчу болсом деген кыялым бар», — деди спортчу.
Замирбеков Элазан үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу, бир иниси жана бир карындашы бар. Атасы Абдылдаев Азамат куруучу болуп эмгектенсе, апасы Алиева Асиса тарбиячы болуп эмгектенүүдө.
Булак: Turmush.kg canada pharmacy amoxicillin.