Домой Саясат Эрнест Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы жана кримчөйрөсү менен кызматташып…

Эрнест Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы жана кримчөйрөсү менен кызматташып…

88

Эрнест Карыбеков

Эрнест мырза да өзүнүн 4-5 жылдан берки «эксперттик» кызматын Өзбекстандын атайын кызматы үчүн жасап жүргөн экен. Ал 2010-жылдан кийин Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын жылуулук-энергетика боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп турганда стратегиялык маанилүү маалыматтарга ээ болуп, мамлекеттин сырларын жакындан билген. Анан ал кызматтан ыргып кеткенден тарта эле Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү саясатын ачык сынга ала баштаган. Буга конкреттүү мисалдарды келтирели: «Кыргызстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда Өзбекстан менен макулдашуусу керек», «Суу жана энергетика маселелери Өзбекстан менен Кыргызстандын кызыкчылыктары кесилишкен жерде бири-бири менен тыгыз чырмалышкан».

Эске сала кетсек, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да суу маселесине келгенде согуш чыгып кетиши мүмкүн дегендей кыйытуусун айтканы бар. Экинчиден, Э.Карыбеков акыркы убактарда Ташкенге тез-тезден каттап калганы да Кыргызстандын атайын кызматынын көзүнө чалдыккан. 2016-жылдын 16-мартында ал Бишкек шаарындагы «Уголек» кафесинде Жалал-Абадда туулган, бирок Өзбекстандын жараны болуп саналган Фархад Парпиев менен жолуккан. Ал эми Фархад Парпиев Өзбекстандын атайын кызматы менен тыгыз кызматташтыкта болуп келери белгилүү. Экинчи жагынан ал Өзбекстанда Салимбай байбача деген каймана ат менен таанымал болгон белгилүү кримавторитет Салимбай Абдувалиевдин да ишенимдүү адамдарынын бири. Баарынан кызыгы, Эрнест мырза жогоруда аталып кеткен макалаларын адегенде Фархад Парпиевдин электрондук почтосуна жөнөтүп: «Биздин досубузга көрсөтүп кой, баланча числодо түкүнчө маалымат булагына чыгат» деген каты менен кошо жөнөтүп турган. Ушул фактылардын өзү эле Карыбековдун кыргыз элине чыккынчылык кылып, бардык жашыруун маалыматтарды Өзбекстандын атайын кызматына жөнөтүп турганын билдирет. Ал эми Эрнест Карыбековдун Кыргызстандагы «режиссёру» тээ Акаев заманында дооранын катуу сүргөн Дастан Сарыгулов болгондугу жалпы коомчулукка маалым болду.

Мурат МУСАКЕЕВ