Бул тууралуу «Өзбекнефтегаз» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Спутник Өзбекстан” сайты жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, аталган бензин маркасы ушул жылы тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн Бухарадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо өндүрүлөт.
«Бухара нефтини кайра иштетүүчү заводу АИ-98 жогорку сапаттагы бензинди өндүрүү ишин баштады»,- деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин “Автомобиль бензиндери тууралуу техникалык шарттар» стандартынын талаптарына ылайык, бул өндүрүш үчүн O`zDSt 3031:2015 деген сериялык сертификаты алынган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу 2022-жылы 50 миң тоннага жетери болжолдонууда.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын январь-апрель айларында Өзбекстанда 368,6 миң тонна бензин өндүрүлгөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирген.