Өзбекстанда 14 жаштан 30 жашка чейинки кыздар жана жаш келиндердин 68%ы эч качан интернет колдонуп көргөн эмес. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Telegram каналындагы маалыматта айтылат.
Изилдөө көрсөткөндөй, Өзбекстанда компьютердик сабаты жок кыздардын үлүшү эркектерге салыштырмалуу (30,0%) 43,5% ды түзөт.
14 жаштан 30 жашка чейинки кыздар менен жаш келиндердин 68% интернет колдонуп көргөн эмес. Бул алардын билим алуу жана эмгек рыногунда өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө төмөндөтөт.
Кыздар санарип сабаттуулукка жана гендердик зомбулук коркунучу жок коопсуз санариптик мейкиндикке муктаж, ошондо алардын таланттары ачылышы мүмкүн, — деп белгиледи ЮНИСЕФ.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө 11-октябрь Эл аралык кыздар күнү катары белгиленет. 2021 -жылы бул маанилүү дата “Санарип муун. Биздин муун» деген ураан астында өттү.