Домой Тагдыр Эне мээримин алмаштырган ата

Эне мээримин алмаштырган ата

126

Эне мээримин алмаштырган ата

Жубайы каза болуп, 4 баласын өзү багып жаткан атанын үйүнө барып, жашоо-турмушу менен тааныштым. Үйүнө десем окшошпой калат го, айына 3 миң сом төлөп жашаган батир экен. Балдарына аталык да, энелик да мээрим берүүгө аракет кылган адамдын аты Нурлан экен. Аны менен таанышып, эки бөлмөлүү үйгө киргенде эле кичинекей кыз мойнума асылып калды. Эненин мээриминен ажыраган балдар менен сүйлөшүүдөн тартынып барган жаным көзүмө жаш тегерене түштү. Анын жароокерлиги жүрөгүмдү козгоп жиберди. Бажырайган мээримдүү көздөр бир эсе сынагандай, бир эсе менден маанилүү сөз күткөндөй карашат.

42 жаштагы Нурлан Айтахуновдун жубайы Элиза 2014-жылы төрөттөн каза болуп калган экен. Ошондон бери ал 4 баласын жалгыз тарбиялап келет.  3 кыз, 1 уулдун эң улуусу 12де болсо, эң кичүүсү 3 жашта.

Нурлан өзү Нарын облусунун Ат-Башы районунан болот. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарына келип, автобус айдап, Бишкек-Караколго каттаган. Жубайы Элиза экөө кайын эжеси аркылуу таанышып калышат. Анда Нурлан 28 жашта, Элиза 21де болчу. Ортодо сүйүү оту тутанып, көлдүк кыздын колун сурап, ата-энесинин алдына барат. Баш кошушкан соң, Нурлан жашаган Бишкек шаарындагы байкесинин үйүндө туруп калышат. Качан тун кызы төрөлгөндө жайлуу депКаракол шаарына көчүп келишет. Жаш жубайлар көп балалуу болууну кыялданышчу. Алар тун кызы Элинадан кийин Аделя, Мырзайым аттуу кыздуу, Алинур аттуу уулдуу болушат. Андан кийинки бала боюнда барында Элиза  тайгаланып жыгылып, байкабай жүрө бергенден бала курсакта өлүп, төрөт учурунда анын залакасы энеге да тийип, ал 35 жашында, кичүү баласы 2 жашка келип калганда көз жумган.

Ошол кезде Нурлан дүңүнөн алма сатып алып, четке ташып алектенчү. Азыр дагы жер-жемиш алып сатуу менен каражат табат. “Балдарга колдон келгендин баарын жасайм. Аларды эч нерседен кем кылгым келбейт. Кыздар чоңоюп калды. Үстүбүздө үйүбүз жогу ойлондурат. Кичине жер алып алсам, болгон аракетимди жумшап үй салар элем. Элиза экөөбүздүн кыялыбыз дагы ошол болчу. Болбосо күн өтө берет эмеспи. Азыр өткөндү эстегенден качам.Жумуш-үй деп унутчаак да болуп баратам.

Балдарды карап, энесинин жоктугун ойлоп, жүрөк сыздагандан пайда жок экенин түшүндүм”,-дейт.

Бирок, улуу кыздары анын бардык түйшүгүн, кайгысын, кубанычын сезип турушат. Алар мага атасы жөнүндө айтып бергенде, аны өтө аяй турганын баамдадым. Ал тургай кичинелер сыркоолоп калганда, ата түнү менен көз ирмебей чыкканын да туюшат. Алардын энесинин жоктугу өздөрүнө эле эмес, атага жүрөк ооруткан кыйноолорду алып келерин билишет экен.

Үй-бүлөдөгү наристелердин улуусу Элина чоңоюп калгандыктан, тартынып, сүрөткө да түшпөй койду. Анын мүнөзү жумшак, уяң экен. Экинчи кыз Адел тирикарак. Үйдө тамак бышырганда камырды да жуурган ошол. Оюн ачык айтат. Энесинин жанынан чыкпагандыктан, тамак-аш жасаганды да үйрөнүп алган. Кесибин да маркум энеси айткандай тандайм дейт. Болочокто банкта иштеп, атасына жана бир туугандарына кол кабыш кыларын айтат. “Мен апамдын айткандарын унутпайм. Ал менин банкта иштешимди каалачу. Чоңойгондо, анын каалоосун аткарам”,-дейт кичине кыз.

Элина экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук. “Апамды Аделя экөөбүз көп эстейбиз. Ал ыйласа, сооротконго аракет кылам. Мен болсо ыйлабаш керек экенин билем. Ошондуктан, ыйлабайм. Аделя мектепке кеткенде, үйдө жалгыз калганда гана ыйлагым келет. Каухар деген досум келгенде, сүйүнүп кетем. Ал кеткенде кызык болом. Жалгыз калганда, мамам жанымда жүргөндөй сезиле берет. Атам болсо кино көргөндө, музыка укканда ыйлап ийчү. Өзгөчө, апамдын кыркын берип келгенден кийин аябай кыйналды. Биз анын көңүлүн көтөрө албай жүрдүк. Амина, Мырзайым, Алеш дагы кыйналбаса деп ойлойм”,- дейт.

Элина Каракол шаарында 5-класста окуйт. Ал сиңдилеринин жана иниси Алинурдун бардык эркеликтерин көтөрөт. Келечекте белгилүү дизайнер болгусу келген Элина көйкөлгөн көйнөктөрдүн сүрөтүн көп тартат. Ал эми Мырзайым менен Алинур бала бакчага барат.Улуу кыздар ойногонду да унутушту. Үй жыйноо, тамак жасоо, балдарды бакчага алып барып, кайра алып келүү алардын мойнунда.Анан сабак окуш керек, балдарга көңүл бөлүп, өздөрү ойногонго убактысы да калбайт. “Алинур кичинекей болгону менен апасы эсинде, анын сүрөттөрүн алып кучактап алганда, жүрөгүм туз сепкендей ачышып кетет», — дейт Нурлан.

Жашоодо өмүрүн балдарына арнаган энелерди көп эле жолуктурдум. Бирок, балдарды арсыз жетим кылбай, аларга болгон сүйүүсүн, мээримин, жашоосун арнаган ата менен биринчи ирет тааныштым. Ал балдардын кичүүлөрүн кайын энеси алып кетейин дегенине көнбөй, бир туугандар баары чогуу өссүн деген ой менен өзүнүн жанында калтырган. Мамлекет тарабынан берилген пособие эмнеге жетсин. Андыктан, төрт баланы багуу үчүн башың менен жер сайып иштешиң керек. Нурлан мыраз азыр ошол абалда.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА