Алыскы Ат-Башы районунун электр тармагын бир канча жылдан бери өз билемдиги менен башкарып келе жаткан Азимбек Аалиев аттуу башкармасы бар. Тээ 2018-жылдары эле анын үстүнөн арызданып, карапайым элдин канын соруп жатат деген кулак кагышты жогорку жакка бир нече жаран билдирген. Тилекке каршы ал жарандардын билдирүүсү бир тыйынга арзыбай, өз ордунда эле иштеп келе жатат.
Алты ай ак карга оронгон Ат Башы районунда электр энергияга болгон талап күч. Мына ушундай май көл сүт көл жерден кеткиси келбеген Аалиев бир канча жылдан бери башкарып, каалаганын кылып жатканы тууралууу кулагыбыз чалды. Албетте уккан кулакта жазык жок, бирок 2020-жылдын 6-октябрында бийлик алмашкан учурда эл дал ушул райондук электр тармактын ажыдаары аталган Аалиевди өз арызы менен иштен кетүүсүн талап кылышкан эле. Эл тынчыгандан кийин, колдоочусу чоңбу же бергени чоңбу кайра эле келип кызматка отурду. Беш жылдан бери былк этпей отурган Аалиевден башка Ат Башыда энергетик калбай калганбы айтоор Түндүк Электр менен Улуттук Энергетика Холдинги да үн катпайт. Айтмакчы Азимбек Аалиев жетектеп турган Ат-Башы райондук электр тармагындагы кечээ жакында мыйзамсыз иштери тууралуу иш козголуп, бирок негедир аягы бүдөмүк болуп бүттү. Жакында Азимбек Карыбековичтин элдин, мамлекеттин акчасын кантип адалдап, көзгө көрүнбөгөн кызматкерлерди кантип кызматка алып, айлык маянасын алып жаткандыгын, жана электр чубалгыларды кандай жол менен коротуп, кантип сатып алууларды жүргүзүп жаткандыгын ачыктайбыз.





