Geländewagen унаасы менен катуу келатып, аялдамада турган эки адамды чала –була коюп кеткен депутат Алтынбек Сулайманов бир күндөн кийин Биринчи май сотунун төрагасы Мидин Жолдошалиевден сурап жатат дейт:
— Айтыңызчы, Мидин мырза, эми эмне болот? Менин депутаттык кол тийбестигим жардам береби же манадатымды алып, камап салышабы?
— Эми урматтуу Алтынбек Турдубаевич, сиз үчүн, сиздин бизге болгон камкордугуңуз, берешендигиңиз үчүн мындай чечим чыгарабыз: сиздин кымбат баалуу машиненин маңдайкы айнегин сындырган адам сизди карактоого аракет кылганы үчүн беш жылга кесилет, а жол боюндагы дарактардын артына учуп түшкөн адамга сегиз жыл берсек да болот, себеби ал кылмыш ордунан качып кетүүгө аракет кылгандыгы үчүн ошондой жаза алат, — деп өңү кумсарып, өзүнө анча келе албай турган Алтынбек мырзаны дароо күлдүрүп жибериптир.