КТРКнын “Келин” долбоору башталгандан бүткөнгө чейин чоӊ интриганы, кызуу талкууну жаратты. Долбоорго катышкан кыздардын кыймылдаганын көрүп, кээ бирлер күлсө, кай бир кыз-келиндер, апалар ал долбоордон үлгү алып, андан кийин кыздарына үй жумуштарын толук үйрөтүп, келиндикке катуу даярдана башташты. Долбоордун жеӊүүчүсү Мээрим Асанова менен маектешип кайттык.
— Келин долбооруна кантип катышып калдың?
— Өзүм Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Бирлик айылынан болом. Балалыгым ошол жакта өттү. Самүдүн Мырзакматов атындагы мектепти аяктагам. Атам-апаман тышкары чоң – атамдардын ата-энемден да тарбияларын алдым. Үйдө 5 кыздын улуусумун. Апам агартуу жаатында эмгектенгендиктен, иштеген ишин таштабай төрөгөнүнө 1-2 ай болгондо эле жумушка чыкчу. Өзүмөн кичүү сиңдилеримди багып чоңойтконум да долбоордо чоң жардамын тийгизди. “Келин” долбоору башталаары тууралуу “Инстаграм” желесинен көргөм. Атам сиңдим үчөөбүз отурганда, атама көрсөтүп, ушундай белектери бар экен, катышып көрбөйүнбү? – деп калсам, атам “Алдагынча көп белек турганда чын өтпөйт ал долбоор, катышкан күндө деле утулуп каласың, алдыңкы орундарды эчак эле сатып алышса керек” – деди. Ошол бойдон көңүлдөнбөй калдым. Жаңы жылды ата-энем менен чогуу тосуп, 4-январь күнү кечинде инстаграмга кирип өзүм тууралуу маалыматты жиберип койгом. 5-январь күнү телефон чалып, тандоо туруна кел дешти. Тандоо туруна 26 кыз катыштык, алардын он кызы долбоорго өттүк.
— Сен жеңгенден кийин, үй-бүлөңдүн, туугандарыңдын, кошуналарыңдын сага болгон мамилеси кандай болду?
— Баары сүйүнүштү. Финалда чоң атам менен чоң апам келип колдоп турушту. Апамды келиңиз десем сен утпай калып бозоруп калбайын деп келген эмес. Мен жеңгенде айылдагы кошуналарым, туугандарым куттуктап келип атып 10 күндөн ашык конок тостук. Айылдагылар сен эмес биз уткандай болдук дешти.
— Жуучу түшүп келгендер болдубу?
— Жуучулар мурун деле түшүп келип жүрүшчү.
— Өзүң кайсы кесиптин ээсисиң?
— БГУнун немис тилинен котормочу жагын бүткөм. Азыр өзүмдүн кесибим менен иштебейм. Жеке компанияда тендер боюнча менеджермин.
— Долбоор сен үчүн кандай болду?
— Продюсер Хадича Харсанова эже буга чейин көптөгөн жеке телевидениелерде иштеп келген, тажрыйбалуу адис. Мындай долбоорду биринчи жолу алып чыкты. Кайненебиз да көрүүчүлөргө катуу кайнене көрүнүптүр, бирок, сьемка учурунда биз менен чогуу аралашып күлдүрүп эле жүрдү. Образга кириш керек болду да, ошондуктан катуу кайнененин ролун ойноду. Долбоор башынан аягына чейин кызыктуу болду.
— Берилген тапшырмалардын эң оору жана жеңили кайсы болду?
— Бардык тапшырмалар мен үчүн жеңил болду. Андай оор тапшырманы деле байкаган жокмун. Себеби, ал күнүмдүк биз жасап жүргөн оокаттардан берилген тапшырмалар болгондуктан, мен үчүн ал оңойго турду. Кир жууганды таптакыр күткөн эмесмин. Себеби, кир жууганды ар бир кыз билет. Айылда кирди күндө эле колго жууп жүрбөйбүзбү. Ичеги-карын арткан болот деп күтүп атканбыз. Ичегинин баарын эмес, карындын өзүн алып келгенде абдан таң калдым.
— Атаандаш кайда болбосун өзүнүн жүзүн көрсөтөт эмеспи, көрө албагандар болдубу?
— Көрө албагандар болду. Бирок мени эч ким артка тарта алган жок. Себеби, мен биринчи барганда эле тандоодон корктум, биринчи тапшырмадан ар бир кыздын кыймылдаганын көрдүм, анан өзүмдө ишненим пайда болду. Заринадан башка мага эч ким күчтүү атаандаш боло алган жок. Кыздар “Өзүңө абдан ишенет экенсиң” деп жатышты, албетте күндө жасап жүргөн жумуш болсо ишенесиң да.
— Уткан утуштарыңды эмне кылдың?
— Сыйлыктарымды апама бердим. Себеби, менин жеңишим ата – энемдин эмгеги деп билем. Ал эми Турцияга жолдомону атам-апам, анан дагы бир тур кошуп алып үчөөбүз барып келебиз деп турабыз.
— Жакында Дубайга кете турганың туурасына эшитип калдык эле. Ал жакка эмне максат менен учуп жатасың?
— Ал жакта да кыргыз кыздарынын арасында кыргыздын каада-салты, үрп-адаты боюнча кароо-сынак болот экен. 9 кыз катышканы жатат. Ал жактан атайын чакыруу болуп кетип жатам. Буюрса кароо-сынак 5-майда Дубайда өтөт.
Төлөбүбү Касымалиева