“Ак” деген түстү билдирген сөз. “Анын өңү кызыл эмес, ак” дейт. “Ак боз ат” дейт. “Ак боз үй” дейт. ж.б. “Ак ит, кара ит, баары бир ит” деген ылакап бар. “Ак жүздүү келин тура” дейт. “Ак жалга” деп коет. “Ак самын” дейт. “Ак салын” дейт, “Ак жоолук салын” дегени.
“Ак” сөзүнүн дагы бир мааниси-таза, чынчыл дегенди түшүндүрөт. Буга байланыштуу “ак кызмат”, “ак эмгек”, “ак жүрөк” деген сөздөр бар.
Кээде “ак” деген күнөөсүз дегенди да билдирет. Мисал келтирсек, “Иши агына кетти” дейт. Бул “Акталмай болду” дегени. “Иштин агы билбейт, жигиттин багы билет” деген да ылакап айтылат. “Байкуш жигит ак жеринен кете бербедиби” дейт. “Өзүңдү акмын деп ойлойсуңбу?” дейт. “Чынында эле аксанатай адам экен” дейт. “Ак жерден кесилип кетти” дейт.
Кыргыз азык-түлүктөрүнүн бир даарын “ак” деп атаган. Мисалы, “Быйыл жайлоого чыгып, ак ичип оңуп келдик” дейт. Кымызын, сүтүн, айранын биздин эл “ак” деп койгон. Кыргыз алтургай үйүнө сойлоп кирген жыланды өлтүрбөстөн сүт же айран чачып чыгарып жиберген. Буга байланыштуу быйыл 100 жылдыгы белгилене турган таланттуу жазуучубуз Насирдин Байтемировдун төмөнкүдөй эң сонун ыры бар.
Кыргыздар мейман келсе кубанышат,
“Конуп кет, түнөп кет” деп
суранышат.
Үйүнө жылан сойлоп кирсе дагы,
Ак чачып, айран чачып чыгарышат.
Актын булардан башка дагы бир мааниси, “жумуртканын агы, көздүн агы”.
“Ак” сөзү сулуулукка карата да колдонулуп келген. Сулуулугу жана акылдуулугу менен элине алынган атактуу кыздарынын ысымдарынын алдына кыргыз “ак” деген сөздү кошуп айткан. Мисалы: Мөөрдү-Акмөөр, Зыйнатты-Акзыйнат, “Берметти-Акбермет ж. б.
Ак сөзүнүн алтынчы мааниси, кай бирде каргыш, тилдөө иретинде айтылган. “Ыйлаба, көзүңө ак түшкүр!” деп койгон. “Көзүңө ак түшсүн!” , “Көзүң аксын! деп каргаган.
Жетинчи мааниси: “Алар акты кара кылганга уста сотторду табышты” дейт. “Ал эми жаш эмес, акты-карага көзү каныксын” десе, жамандык-жакшылыкты айра билип, турмушка көзү каныксын дегени. “Акты-кара болуп кирип келишти” дейт. Бул “Жаман-жакшысы аралаш кирип келишти” деген мааниде. “Ак айттың” дейт. “Калыс айттың, туура айттың” дегенди билдирет. “Кагылайын, мени ак жерден сыздатпа” дейт. “Ак жазганын көрөмүн, намыс үчүн өлөмүн” деген да бар. «Манаста» “Абыке качан ак эле” дейт.
“Ак” сөзү кээде мындай мааниде да колдонулат. “Сени менен сүйлөшпөй-ак койдум” дейт, “Сен мага кожоюн болбой-ак кой!” дейт. “Сен мага кожоюн болбой эле кой!” деген мааниде.
Дагы бир мааниси “Уулун ак кылды” дейт. “Уулунан кечти” дегендик. “Эмчегим сүтүн ак кылдым” деген эненин баласына айтылган катуу каргышы. “Дүйнөдөн ак өттү” десе, бул “Дүйнөдөн таза өттү” деген мааниде эмес, “Дүйнөдөн бала көрбөй, тукумсуз өттү” дегенди түшүндурөт.
“Актын” дагы бир мааниси. “Сууга акты” дейт, “Суу акты” дейт. “Ишим акпай калды” десе, “Ишим жүрбөй калды, ишим болбой калды” дегенди билдиргени.
Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”