Домой Саясат Экс-президенттин жээни Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Экс-президенттин жээни Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

53

Сооронбай Жээнбековдун жээни Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу жеригиликтүү басылмалардын бири күч органдарынын кызматкерлерине таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Гүлзат Кантөрөеваны (Ташкулова) алдамчылыкка шектелип, борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.\

Белгилей кетсек, айрым басылмалар Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун жээни Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) алдамчылыкка айыпталып жатканын жазып чыгышкан. Арыз ээси Кантөрөева шериктери менен үйдү жана 25 миң долларды тартып алышканын айткн. Бирок Кантөрөева Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына ушул иш боюнча эмес, башка дагы бир алдамчылык фактысы боюнча киргизилгени белгилүү.

булак: akmedia.kg