Домой Саясат Өткөнү менен учурдагы позициясы дал келишпеген Текебаев

Өткөнү менен учурдагы позициясы дал келишпеген Текебаев

43

           Өмүрбек Текебаев

Жакында эле сот жообуна тартылып аткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбековго парламенттин кезексиз жыйынынөткөрүү өтүнүчү менен кайрылды. Буга себеп – мамлекеттик тил боюнча тестке байланыштуу БШК менен консенсуска келе албай жатканы болду. Ага чейин «атамекенчилер» БШКга таасир этүү үчүн ачкачылык жарыялоо «куралын» пайдаланышкан.

Текебаевдин мына ушул кадамын президенттикке талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева сынга алды. Ал башкы «атамекенчини» өзүнүн алты жыл мурунку БШКнын көз карандысыздыгы жана мыйзамдын биримдиги тууралуу айткан сөзүн эсине алышы керектигин айтат.

«Ошондо мени жана дагы төрт адамды шайлоо процессине чейин өткөрүшкөн жок. Ал убакта менин аты-жөнүм бюллетенде жазылып калган, Ал эми Текебаев – болгону талапкер (претендент). Ошондо ЖК токтому да, Жогорку соттун жазма буйругу да жардам кылган эмес. Андыктан мен Текебаевге жардам сурап кайрылгам. Ал мага «БШК – көз карандысыз орган жана жадакалса эгерде ондогон парламент чогулса да БШКнын чечимине алар таасир эте алышпайт, себеби мыйзам баардыгы үчүн бирдей» деп айткан. Азыр эми ал өзүнүн позициясы тууралуу унутту же ага карата эмнегедир башкача мамиле болушу керек деген ишеними бар», — дейт ал.

Токтайым Үмөталиева Текебаев учурда соттолгон эмес, камактагы адам болгондуктан президенттик кызматка талапкер катары умтулуусуна мыйзам жол бере турганын айтат. «Анын үстүнө, «атамекенчилердин» бардык кыжырланууларына карабай БШК Текебаевге өтө лоялдуу мамиле жасоодо. Мисалы, кол топтоочу кагаз тууралуу азыр эч кимге топтоо боюнча жарыялоого уруксат берилбейт. Ал эми бул партиянын лидерине уруксат берилген. Жөн гана БШК мыйзам алкагынан чыга албайт», — дейт Токтайым  generic viagra dealers in canada. Үмөталиева.

Ошол эле убакта Текебаевдин тарапташтарынын ачкачылык жарыялоо аракеттери менен БШКга басым жасоолору да эч кандай жардам бербей тургандыгына ишенет. «Албетте, ачкачылык жарыялоо же жарыялообоо – Текебаевдин тарапташтарынын жеке иши жана алардын укугу. Алар каршылык көрсөтө алат, ачкачылык жарыялап, митингке чыга алышат. Мындай жол менен алар БШКга психологиялык басым жасоого аракет кылып жатышкандары түшүнүктүү. Бирок, шайлоо органына карата саясый шантаж үчүн да мыйзамда каралган жоопкерчилик тартылышы мүмкүн экендигин эскертким келет. Ошол эле убакта алар чеги жок ачкачылык жарыялай беришсе болот. Бирок, бул эч нерсени чечпейт. Эгерде бүгүн алар ачкачылык жарыялашса, анан алардын талабы аткарылса, эртең башкалар да муну мисалга алышат. Эгерде баардыгы эле ушундай жол менен талаптарын аткарта беришсе, анда БШК эмнеге айланат? Анда анын керексиздиги үчүн таратып жиберүү керек болот. Мен дагы көптөгөн маселелер боюнча шайлоо органы менен макул эмесмин, бирок ачкачылык жарыялап же тарапташтарым аркылуу басым жасаган жокмун го. Андыктан менин Текебаевге кеңешим – өзүнүн БШК – Жогорку Кеңеш да, бийлик да, президент да таасир эте албай турган көз карандысыз орган, мыйзам баардыгы үчүн бирдей деп айткан сөзүн эске алуусу керек», — дейт ал.

Чын эле мыйзам баардыгы үчүн бирдей экенин билген Текебаев эмнеге жалгыз өзүнө келгенде мыйзамды каалагандай нукка бургусу келет? Булак  «Вести kg»