Домой Коом Акыл Мурсалиев, Боролдой айыл аймагынын башчысы: “АРИСтин жардамы менен Боролдой айыл...

Акыл Мурсалиев, Боролдой айыл аймагынын башчысы: “АРИСтин жардамы менен Боролдой айыл аймагы үчүн жакшы иштерди жасай алдык”

394

 

Өлкөбүздө өз ишин жакшы билген мыкты адистер аз. Ошондой адистердин катарында Кемин районуна караштуу Боролдой айыл аймагынын башчысы Мурсалиев Акыл айыл аймакты өнүктүрүү үчүн талбай эмгектенип, айыл аймакка  жана районго инвестиция тартып келет. Алсак, АРИСтин «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жол жээгиндеги комплекстин курулушун, Р-1, Р-2, Р-3 каналдардын курулушун жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселелерин чечти. Акыл мырза менен АРИС долбоорунун алкагында жасаган эмгектери туурасында баарлаштык.

— Акыл мырза, АРИС менен алгач кайсы обьектти кура алдыңыз?
— Алгач АРИС аркылуу каржыланып жол боюндагы комплекс курулду. Комплексте азык түлүк дүкөндөрү, тамактануучу зал, кафе, эс алуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу жай, даараткана, балдар аянтчасы каралган. Ошондой эле АРИС тарабынан автономдук от жагуучу бөлмө, трансформатордук подстанция, суу ичүү үчүн 100 куб метр көлөмүндөгү идиш, суу жеткирүү жана канализация системасы, септиктер, сырткы даараткана, ошондой эле электр өткөрүүчү линиялар жана жер астындагы электркабелдер орнотулган. Жол жээгиндеги комплекс Чүй өрөөнүнүн түштүк-чыгыш жагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа каттамынын жанында, Бишкек шаарынан 120 чакырым алыстыкта, Кемин районунун Боролдой айыл аймагында жайгашкан.


Имараттын аянты — 315 м2. Обьекттин жалпы наркы 12 569 781 сом , анын ичинде донор 12 341 292 сом көлөмүндө грант бөлгөн, ал эми Боролдой айыл аймагынын салымы 228 489 сомду түздү. Биз туристтерге, деги эле элге жакшы кызмат көрсөтүү болсун деп болгон аракетибизди жумшадык. Бул муниципалдык 1-комплекс. Ошондуктан, жергиликтүү тургундар продукцияларын сатат, салыгын төлөйт. Муниципалдык комплекстин өзгөчөлүгү ошол. Бул үлгүнү болсо Япониянын жол жээгиндеги станцияларынан алдык.

— Каналдардын курулушу туурасында да айта кетсеңиз, дыйкандар сизге ыраазы болуп атышкандыр?..
— “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунда «Р-1, Р-2, Р-3» каналдарын ремонттоп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. АРИС 50 миллион сомдун айланасында каржылап жатат. Учурда жарым-жартылай иштери бүтүп калды. Жыйынтыгында 3000гектардан ашык айдоо жерлери сугат суу менен камсыз болот. Айылда негизги киреше булагы жер болгондон кийин дыйкандар үчүн жакшы болду. Албетте, дыйкандар ыраазы болуп жатышат. Мурда суу жетпей убара болушса, эми беймарал сугарышат.
Каналдарды калыбына келтирүү сугат суусунун талааларга толук көлөмдө жетишине шарт түзөт. Анткени, каналдардын эскили жеткендиктен, сугат учурунда суунун бир тобу жоголуп кетчү. Андыктан, оңдоп-түзөө долбооруна ылайык, сууну жоголушун азайтуу үчүн каналдарды бетондоо каралган.
Учурда даярдык иштери аяктап, каналдарды бетондоо жүрүп жатат жана Р-1 каналында 5,2 чакырым бетондолду, Р-2 каналында 4,6 чакырымдын 1,8 км чакырымы бетондолду.
Объект Чүй облусунун Боролдой айыл өкмөтүндө, Чу жана Кичи Кемин дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Каналдар Ильич, Кичи-Кемин, Боролдой жана Кара-Булак айыл аймактарын камтыйт.


Учурдан пайдаланып, АРИСтин башкы директору Супаналиев Бекжан Төрөбаевичке, Кафар Уланга, Бакыт Абдылдаевге, АРИСТИН жамаатына, инженерлерине ыраазычылык билдиребиз. Биз дотацияда 70 пайыдабыз. Бир долбоор менен 10 жылдык бюджет бир жылда келип, айыл үчүн чоң жардам болду.

Касымалиева Төлөбүбү