Домой Аналитика Дастан Бекешев: «Дарыны «Садырин» атап, президентибизге медицина илимдеринин доктору наамын берүү керек»

Дастан Бекешев: «Дарыны «Садырин» атап, президентибизге медицина илимдеринин доктору наамын берүү керек»

624

Жогорку Кеңштин депутаты Дастан Бекешев коронавирусту дарылоого мүмкүн делген уу коргошун боюнча үн катты:

«Кийинки жумада, парламенттин отурумунда, мен Жогорку Аттестациялык Комиссияга экзаменсиз, коронавирус инфекциясына каршы керемет суусундуктун табылышына таянып, президентибизге медицина илимдеринин доктору илимий наамын ыйгарууну жана Кыргызпатентке дарыны патенттөө процессин баштоону сунуштайм. Андан сырткары, дарыны дароо “Садырин” деп каттоо зарыл. Парламент өкмөт менен биргеликте Садыр Жапаровго “Нобель” сыйлыгына көрсөтүшү керек.

Резиденциядан биз настойка чыгаруучу завод чыгарабыз жана кирешенин жарымы мамлекетке, жарымы Садыр Жапаровго берилет. 2021-жылды медициналык туризм жылы деп жарыялоо жана баардыгын биздин настойкабыз менен дарыланууга чакыруу керек. Бул үчүн атайын медициналык аймакты ачса болот.

Биз муну менен токтоп кала албайбыз. Айлана-чөйрөнү бузуп албаш үчүн жана алтын өндүрүүчү ишканаларды жаап, Ысык-Көлдө чөптү өндүрүүнү баштоо зарыл. Саламаттыкты сактоо министри түз эфирде тамеки чегип, акыл-эс ооруларынын дарылоонун керемет жолу табылганын жарыялайт.

Кыргыз чөбү бизди байытат. Жакырчылыкты кыргыз чөбү менен жок кылалы!», — дейт ал

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров дарыгерлер 2-3 күндө COVID-19 илдетинен айыгуунун жолун тапканын айткан.  Андан соң, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жаткандыгын жана анын дозасын президент өзү аныктап, аны менен биргеликте кайнатып жатканын билдирген. Ал эми маалымат жыйынында министр журналисттердин көз алдында уу коргошунду ичкен.

Ошол эле күнү социалдык тармактарда аталган уу коргошунду ичин алып ууланган алгачкы бейтап ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Жогорудагы окуя дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дагы көңүлүн буруп, “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыркы учурда коронавирусту дарылоо үчүн Aconítum soongáricum — “Ысык-Көл тамыры” уу коргошундун натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтары жок. Андай маалыматтарды алуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык, кайнатманын фармакологиялык касиеттерин изилдөө керек”, деген билдирүү тараткан.

akmedia.kg