Чет мамлекеттерге иш сапарлары менен, же жөн эле конок катары барып калган учурларда биринчи кезекте эле көзүбүзгө шаарлардын тазалыгы тартыла түшөт. Алыс барбайлы, коңшулаш Казакстандын борбор калаасы эмес, берки эле Алматы, Тараз шаарларына барган адамдын ал жактагы тазалыкка көңүлү бурулат. Басып баратып тамекинин түтүнүн буркураткан, семичкени катыра чагып бараткан адамды көрбөйсүң. Тазалык бар жерде маанай да ачык болуп, жалтырап турган тазалыкты булгоого эч бир адамдын дити барбайт. Ал эми бизде кандай? Жаштарыбыз Европа жаштарын туурап кийингенди, боенгонду, басканды-турганды, чачын жасаганды мыкты өздөштүрүп алганы менен, эң башкысы көчөдө, коомдук жайларда тазалыкты сактоонун маданиятын үйрөнө албай коюшту. Кече жакында эле «Государство төлөп берет» деп семичке чагып отурган жаш кыздын жоругу буга ачык мисал болуп бере алат. Бул бир эле кыздын түшүнүгү эмес. Учурдагы жаш кыз-жигиттерибиздин бери дегенде 50%ынын түшүнүгү ушундай. Эс алуу бактарында алар каалагандай «эс алып», семичкени чагып, тамекини буркуратып отурушу керек.
Анан дагы ошол эле эс алуу бактарындагы орундуктардын өзүнө отурбай, артындагы жөлөнгүчүнө чокчоюп отуруп алган жаштарды көп көрөбүз. Ошондо отура турган жерге буттарын коюп алат. Шаарыбыздын жашоочуларынын маданияты кандай экендигин тастыктаган дагы бир көрүнүш мындай, машинеде баратып суусундук ичип, же шоколад жеп туруп, анын бошоп калган идишин, кабыгын машиненин айнегинен эле ыргытып жибермей. Же болбосо светофорго токтогон жайлардан машинесинин каалгасын ачып туруп, балчайтып асфальт жолго түкүрүп койгондор бар. Анан кайра өзүбүз «шаарыбыз таза эмес, мэрия эмне иш кылып атат» деп кейийбиз. Тазалыкты караган жумушчулар тазалап кетери менен эле аркасынан өзүбүз таштандыларды таштай берсек, анан кайдагы тазалык болот? Же «Тазалыктын» жумушчулары ар бир тургундун артынан ээрчип алып тазалап жүрүшү керекпи? Андыктан тазалыкты өзүбүздөн баштайлы. Ар бир адам тазалыкты туу тутса, шаарыбыз да кулпуруп көркүнө чыга түшөт.
https://www.youtube.com/watch?v=gRfLzbSjFwk
Азамат КАНГЕЛДИЕВ