Домой Маданият Эл артистин кейиткен ким?

Эл артистин кейиткен ким?

182

Коомчулукка өзүнүн аваз үнү менен аттын кашкасындай таанымал,Кыргыз Республикасынын Эл артистти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова өзүнүн социалдык баракчасына кейигендей кеп айтыптыр.

“ Мурда жалаң чыныгы обончу жана мыкты обондор обологон кайрыктар жаңырган эфирлер болоор эле. Азыр болсо баары аралаш, ким эмнени кааласа ошону  ырдап атат. Анан дагы бир маселе, ырчыларды өгөйлөп кайсы долбоор болбосун обончуларды бөлүп карагандын өзү, бул бузукулукка, ичи тарлыктан арылбаган текеберлик.  Андай болсотакыр эле архивдерден ырчы аттуунун баарын өчүрүп эле салбайсыңарбы? Айткылачы, Сагыйпа Чечейбаева болбосо, «Долон»деген ыр кайдан жогорку денгээлде ырдалмак? Зейнеп Шаакеева, Гүлмайрам Момушева, Жапар Чабалдаевдер болбосо алар ырдаган аваз ырлар угармандын жүрөктөрүнө кайдан жетмек?! Бөлүп жаргандан  мүйүз чыктыбы?” деген маанайдагы нааразылыгын билдириптир.

Бизге табышмактуу болгону, Кыргыз маданиятына эмгеги сиңген Эл артисти мындай нааразы пикирин кимге арнады болу экен десең?

Булак: “Айгай-пресс”