Домой Саясат БШК талапкерлердин шайлоо бюллетенине кирүү ордун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрөт

БШК талапкерлердин шайлоо бюллетенине кирүү ордун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрөт

101

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлери боюнча парламенттик шайлоо бюллетенине кирүү кезегин аныктоо үчүн  чүчүкулак өткөрө турганын билдирди.  

Чүчүкулак кармоого каттоодон өткөн талапкерлер, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү катыша алат.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.