Кыргызстан президенти бир айдын ичинде кайрадан Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону бекитиши керек.
Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Белгилеп кетсек, аталган шаарларда 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Партиялардын билдирүүлөрүн жөнөтүү жана үгүттөө өнөктүгүнүн мөөнөтү 3/1ге кыскартылат. Жарышка катышууну каалаган саясий уюмдарга чектөө жок.
Кайра өтө турган шайлоого одоно эреже бузгандар гана катыша албайт. Эске салсак, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешти шайлоо өткөн.






