Биринчи май районунун прокуратурасы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин ишмердүүлүгүн текшерди, деп билдирди Башкы прокуратура.
Анын жүрүшүндө, Бишкек мэриясынын 2007-жылдагы токтомунун негизинде К.И.ге П.Лумумба көчөсүндөгү «Кудайберген» унаа тетиктер базарынын жанында жайгашкан 0,40 га жер 5 жылга ижарага берилгени аныкталган. Бирок К.И.нин доо арызынын негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2012-жылдын 11-июлунда К.И.ге 0,40 га жерге жеке менчик укугун берген. Соттун чечиминин негизинде “Кадастр” мекемеси 0,40 га жерди К.И.нин атына каттаган. Муну менен 98,8 млн сомдук муниципалдык жер К.И.нин жеке менчигине бекер өтүп кеткен.
«К.И. аталган жерди 2007-жылдан бери акысыз пайдаланган жана анын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин алдындагы карызы 4,4 млн сомду түзгөн», — дейт Башкы прокуратура.
Андан тышкары, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 11-июлундагы чечими 2013-жылы эле Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун чечимдери менен жокко чыгарылгандыгы аныкталган. Бирок бул чечимдер К.И.нин жеке менчик укугун жокко чыгаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлгөн эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине жана «Кадастр» мекемесине чара көрүү актылары толтурулду. Аларды кароонун натыйжасында 98,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды жана К.И.ден жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн мамлекеттик бюджетке 1,6 млн сом акча өндүрүлдү.