Домой Коом Мурат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

Мурат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

5

Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Буга чейин Мурат Осмоновду Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин  «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жаңы кеңешчи дайындады