Домой Технологиялар “Ачка” бактериялар таштанды менен күрөшөт

“Ачка” бактериялар таштанды менен күрөшөт

94

пластик таштанды

Жер бетинде жыл сайын миллион тоннадан ашуун суусундуктар, тиричилик химиясы куюлуучу пластикалык бөтөлкөлөр чыгарылат. Булардын аз гана бөлүгү кайра иштетилип чыгууга жиберилип, негизги массасы болсо таштандыларга толуп айлана-чөйрөнү булгап, океандын сууларына кошулат. Мына ушул алааматка жакында япон окумуштуулары чек койчудай. Алар пластик идиштер менен тамактануучу бактерия түрүн ойлоп табышты. Киотонун технологиялык университетинин доктор Шосуки Йошид башында турган окумуштуулар тобу бул бактерияларды пластика идиштерин кайра иштеп чыгаруучу заводдун таштанды төгүлчү жайынан таап алышкан. Бактерияны пластик бөтөлкөгө салып коюшкан, бир нече күндөн кийин бөтөлкөдөн эчтеке калган эмес.