Белгилүү болгондой Кытайдагы өлүм жазасын атуу менен аткарышат. Атууда колдонулган огу канча кетсе ар бирин 9 юандан туугандары сатып беришет. Эгер тууганы жок болсо, анда ал өзү түрмөдө окко ылайык акча тапкыча иштеп берип, анан өлүм жазасына тартылат экен. Мындан тышкары, бул өлкөдө адам саны ого эле көп болгондуктан, түрмөдөгү адамдардын кайрадан чыгышын каалабай, түрмө ичинде өлтүрүшкөн учурлар да кездешип келет.
Албетте, ачык эмес. Күндө тамакка кошуп эт бере беришет, эч нерсе кошпой. Бир топ убакыттан кийин эт берүүнү токтотуп, суу көп беришет. Жыйынтыгында белок көп жегендиктен адамдын булчуңдарында сүт кислотасы бөлүнүп чыга баштайт. Сүт кислотасы адам өлгөндө чыгат, булчуңдары катып кыймылдабай калат. Ошол сыяктуу эле түрмөдөгү адамдар суу ичкенде денеси катып калып дем ала албай өлүп калышат экен.
Негизи, канча айтып келебиз. Бизге деле өлүм жазасы керек болчу. Өзгөчө наристелерди зордуктагандар менен мамлекеттин байлыгын жеп, тоноп жатышкан атка минерлерге. Өлүм жазасына тартылгандарга – жаза атуу жолу менен ишке ашса, аларга кеткен октун баасын мамлекет эмес, карапайым калк сөз жок эле төлөп берүүгө даяр турмак… Туурабы?