2010-жылдан кийин аты булганып, Ата Мекен деген ыйык сөздү кыянатчылык менен пайдаланып келген “Ата Мекен” партиясы атайын билдирүү таратып, Кыргызстанда сөз эркиндигине кысымды, саясий куугунтуктоону токтотууну талап кылыптыр. Булардын жүйөсүнө ишенсек мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өз атаандаштарын коомчулук астында уят сөздөр менен кемсинтип жатыптыр. Ошондой эле бул партия Кыргызстандагы демократияны оозанып, аны коргомуш болгон. Журналисттерге жүзүн буруп, аларды шылдыңдап жүргөн партиянын өкүлдөрү калем ээлерине күйүмүш болуп, аларга жан тарткандай түр көрсөткөн. Бирок, журналисттер, коомчулук “Ата Мекен” партиясынын мындай кубулма жүзүн даана көрүп, билип турат. Керек болсо Текебаевдин 2010-жылдан кийин бийликтеги таасири артып, далай журналисттерди сотко сүйрөп ит кылганы деле эстен чыга элек.
Мисалы, Текебаев 2010-жылдан кийин далай ММКларды, журналисттерди сотко берип, аларды ири суммадагы айыпка жыккан. 2012-жылы Өмүрбек Чиркешовичтин «АЗИЯ НЬЮС» гезитин моралдык жабыр тарткандыгы үчүн бир млн сомго доо коюп, сотко берген. Азыр болсо ушул басылмага күнү түшүп, акыркы кездери ага байма-бай маек берип келди.
Эми болсо “ак карга” болуп жүргөн “Ата Мекен” партиясынын чыныгы жүзү ачылып, алардын коомчулукка, журналисттерге күнү түшүп отурат. Булар калп эле журналисттерди коргогон түр көрсөтүп, өздөрүнө тагылган айыптардан буйтап өтүүнү максат кылууда. Саясий талдоочулар, коомдук ишмерлер “Ата Мекен” партиясынын акыркы аракеттерин сынга алып, керт баштын эмес элдин кызыкчылыгын ойлоого чакырууда. Медиа серепчи Игорь Шестаков “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсүнө таң калып жатканын айтат. “2012-жылы 40тан ашуун журналист сөз эркиндигине тынчсызданып акцияга чыккан. Ошондо журналисттер бардык саясатчыларга кайрылган. Эмне үчүн анда Текебаев сөз эркиндигин колдоп койгон жок. Саясатчылар керт башына мүшкүл түшкөндө эле журналисттерди ойлоп калганы туура эмес”, — дейт ал.
Кыскасы “Ата Мекен” партиясы сөз эркиндигинин, демократиянын эч качан символу боло албайт. Алар “саясий куугунтук” деген улуу сөзгө татыктуу да эмес.
Жекшенбек Абдысатаров