Домой Коом Тетир сүйлөгөн Үмөталиева өзү памирге жашап көрсө болмок…

Тетир сүйлөгөн Үмөталиева өзү памирге жашап көрсө болмок…

40

Токтайым Үмөталиева

Укук коргоочу сыяктанып, ар кайсы маселени, урду-сокту кылып айтып жүргөн Токтайым Үмөталиева деген неме Памир кыргыздарын көчүрүп келүүгө каршы экенин билдириптир. Башынан баскан — турганы, сүйлөгөнү кокуй неме, бул асманды чапчыган “ачылышын” элге ачык айтпа койсо өзүнө эле жакшы болмок.  Ал: “бул кыргыздар эзелтен ээлеп жашап келген жерлердин башка колдорго өтүп кетүүсүнө алып келет. Памир жергеси азыр Ооганстанга караса дагы кыргыздарга тиешелүү жер болуп саналат. Аларды көчүрүп келгенден көрө аларга жеринде шарт түзүп берүүгө жакшы көңүл буруу зарыл”- дептир. Ал жер тарыхта кыргыздын жери болуп келгени ырас, бирок азыр андай иш жүзүндө кайдан болсун. Ооганстан эле, “ооба, силердин жер, биз колдонбойбуз”- деп берип коёт дейт.

Кыргыздар жашап жаткан жерлерди эми азыр Кыргызстандыкы деп көкүрөк көтөрүүнүн канчалык кажети бар? Эми ал кайран асыл жерлер тарыхта гана ошентип аталып калды го. Андан көрө, ушул жерибиздин бүтүндүгүн бүлдүрбөй, дагы коңшуларга карматып жибербей көздүн карегиндей сактап алалычы…

Жалпы коомчулук Памирдеги кандаштарыбызды акырындык менен кыргыз жергесине көчүрүп келүүнү бир ооздон колдоп жатканда, Үмөталиеванын минтип тетирлеп турганына жол болсун!

Чынында, азыр өкмөттүн Памирдеги кыргыздарга эмес, бул жактагы элибизге шарт түзүп бергенге чамасы жетпей турат. Тескерисинче, эл өкмөттү багып жатат, шарттарды түзүп… Үмөталиева андай эле кыйын экен, урук –тууганын ээрчитип алып шарты катаал Памирге  1 эле жыл жашап көрбөйбү… Анан көрөт элек, минтип «ачылыш» жасаганын…