Бишкек шаарынын Октябрь районундагы булактардагы катуу калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу боюнча пилоттук долбоорду Бишкек санитардык полигон муниципалдык ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу аталган муниципалдык ишкананын директору Адил Назаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында Борбор калаадагы таштандыларды бөлүп чогултууну кеңири жайылтуу боюнча сунуш-пикирлер каралып, иштелип чыгат.
“Келечекте бул долбоор Бишкектеги кайра иштетүүчү ишканалардын курулушуна инвестиция тартуу үчүн керектүү аянтчаны түзүп берет. Бара-бара Бишкек мэриясы “калдыктан кирешеге” принцибин ишке ашырууга киришет”,- деди ал.