Домой Аналитика Мэр: Таштанды иштеткен завод курууга 45 млн долларлык инвестиция келди

Мэр: Таштанды иштеткен завод курууга 45 млн долларлык инвестиция келди

7

Таштанды иштеткен заводду кура турган болдук. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, кечээ жакында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун жана акыр-чикирлерди рекультивация маселесин сүйлөшүлдү.

«45 миллион долларлык инвестиция келди. Чех компаниясына токтолдук. Алар жакынкы күндөрү ишин баштайт. Дагы кошумча маалымат беребиз», — деди Абдыкадыров.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин таштанды маселеси бир топ жылдан бери орчундуу көйгөй болуп келе жатат.