Домой Коом «Тазалыктын» жетекчиси алмашты

«Тазалыктын» жетекчиси алмашты

9

Алиев Рамиз Гюльогланович “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жаңы директору болуп  дайындалды. Бул тууралуу муниципиалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Рамиз Алиев “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.