Домой Аналитика «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков кайрадан камакка алынды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков кайрадан камакка алынды

163

“Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору маалымдады.

Маалыматта 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин жеке компанияга товардык-материалдык баалулуктарды жеткирип берет деген шылтоо менен 1.1 млрд сом которгон.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Василий Дашков үй камагына алынган. Бирок чыгымдын ордун азыркы учурга чейин толуктабагандыгы үчүн кайрадан камакка алынды. Андан сырткары сотко чейинки өндүрүш иштеринин учурунда, казынадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен фактылар аныкталган. Тактап айтканда 2021-жылдын январь айынан, апрель айына чейин 490 млн сом мыйзамсыз чыгарылып, жыйынтыгында жалпы чыгымдын көлөмү 1.5 млрд сомду түзгөн. Учурда Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына камака алынды.